Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Музаффар Исаков КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болду


Музаффар Исаков Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болду. Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Исаков Ашэра Халикованын ордуна келди. Халикова депутаттыктан мөөнөтүнөн мурда баш тартуу арызын жазган.

Парламенттин азыркы курамы былтыр күзүндө шайланган. Партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке келгендердин айрымдары өз арызы менен, айрымдары фракциянын чечими менен мандаттан ажыраган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG