Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Хиллари Клинтон акыркы праймеризди жеңди


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

АКШ борбору – Вашингтондогу баштапкы шайлоодо Демократиялык партиянын жактоочуларынын 79% мурдагы Хиллари Клинтонду, 21% сенатор Берни Сандерсти колдоду.

Муну менен Демократиялык партиянын ноябрдагы президенттик шайлоону утурлаган праймериздери аягына чыкты.

Алар февралдан тарта өтүп жаткан эле.

Вашингтондогу праймеризден кийин Клинтон партия ичиндеги атаандашы Берни Сандерс менен жеке жолугушуу өткөрдү.

Мурдагы Мамлекеттик катчы июлдагы партиялык курултайда талапкерликке бекилүү үчүн зарыл болгон делегаттар санын буга чейин эле топтоп, партия ичиндеги атаандашын жеңгенин жарыялаганы менен, Сандерс жеңилгенин моюнга алып, жарыштан али чыга элек.

Ал мындай жарыяны Клинтон менен жолуккандан кийин да жасабады.

Бирок, эки саясатчы 8-ноябрдагы шайлоодо Республикалык партиянын талапкери болчу Дональд Трампка утулуп калбаш үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдиришти.

Өткөн аптада ноябрдагы шайлоодо Клинтондун талапкерлигин колдой турганын президент Барак Обама расмий жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG