Баткенде селден 3 айыл электр жарыгысыз калды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан билдиришти.
14-июнь күнү катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Дара айыл аймагында сел жүрүп, 9 турак үйдүн короосу кум шагылга толуп, 3 турак үйгө сел кирген.
Селдин кесепетинен аталган айыл аймактын ички жолдоруна жана суу кетүүчү арыктарга зыян тийген. Ошондой эле трансформаторду жарактан чыгарып, Кан, Сары-Талаа жана Жаңырык айылдары электр жарыгысыз калды.
Учурда селдин кесепетинин материалдык чыгымдары такталууда. Кан, Сары-Талаа жана Жаңырык айылдарын байланыштырып турган ички жолдор калыбына келтирилип, каттамга берилди. (JsA)