Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Жогорку Кеңеш кызматтык батирден чыкпай жаткан үч экс-депутат менен соттошот


Бишкек
Бишкек

Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышынын 3 депутаты кызматтык батирлерин тапшырып берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн парламентте эл өкүлдөрүнө берилүүчү жеңилдиктер тууралуу маселе талкууланып жатканда төрага Чыныбай Турсунбеков билдирди:

- Кызматтык квартирага кирип, чыкпай жүргөн мурдагы чакырылыштын депутаттары бар экен. Бул өтө эле ал депутаттар үчүн моралдык да, бардык жактан да туура эмес. Аларды чыгарыш үчүн эми сотко кайрылууга аргасыз болуп жатабыз.

Бүгүн парламентте депутаттарга берилүүчү батирлерден баш тартуу тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. "Республика Ата-Журт" сунуштаган демилгени жалпы жыйын колдобой койду.

Батирди бошотуудан баш тартып жаткан депутаттардын аты-жөнү жакында белгилүү болору кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG