Каракөл шаарынын мэрин шайлоо 4-июлда өтөт. Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Мыйзам боюнча мэрди жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт.
Каракөлдүн буга чейинки мэри Мамбет Койчиев өкмөт башчынын буйругу менен 7-июнда иштен алынган. 6-июнда Жалал-Абад облустук прокуратурасы ага карата кылмыш иш козгогон.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Койчиев шаардагы 1,5 чарчы метр жерди кафе куруу үчүн 15 жылга мыйзамдагы көрсөткүчтөн арзан ижарага берген. Натыйжада мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келген.
Бирок Койчиев өзүнө карата козголгон кылмыш ишти куру доомат жана каралоо деп атоодо. (RK)