Эмомали Рахмон менен АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотелдин Душанбедеги бүгүнкү сүйлөшүүсүндө эки тараптуу аскердик кызматташтык жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды.
Рахмон, анын басма сөз кызматы билдиргендей, америкалык генерал менен жолугушууда Тажикстан АКШ менен коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөнүн чечүүчү элементи катары эсептерин белгилеген.
АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы катары Борбор Азияны алгачкы ирет кыдырып жаткан генерал Вотел Тажикстанга чейин Өзбекстанда болуп, президент Ислам Каримов менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (UE)