Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Нарында суунун деңгээли жогорулоодо


14-июнда жааган жаанга байланыштуу Нарын облусунда Ат-Башы суусунун деңгээли көтөрүлдү. Нарын шаарынын өзүндө жана Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу айылдарында суу жээктен ашып, айрым жерлерде жолдорду каптады. Баш-Кайыңды айылындагы көрүстөнгө суу толуп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Суунун деңгээли облустун Кочкор районунда да көтөрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов азыр Кочкордо жүрөт. Райондун Кара-Саз айылында дарыядан ашкан суу 5 гектардай айдоо аянтын жууп кеткени кабарланды. Нөшөр жаандан кийин пайда болгон селге байланыштуу Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында абал дагы эле опурталдуу бойдон калууда. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ыкчам жыйын өткөрүп, өзү Нарынга, орун басарлары Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарына барышты.

Нарын облустук өзгөчө кырдаал башкармалыгынан кабарлашкандай, азыр Нарын дарыясында суунун агып кириши секундуна 700 куб метрди түзүүдө. Секундуна 858 куб метр болсо кооптуу кырдаал жаралат. Азыр бардык аймактарда алдын алуу аракеттери жүрүп жатат. (NT/MiK)

Нарын дарыясы үйлөргө коркунуч жаратууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

XS
SM
MD
LG