Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Орусия: НАТО русофобияны күчөтүүдө


НАТОнун Брюсселдеги жыйыны. 14-июнь, 2016-жыл.
НАТОнун Брюсселдеги жыйыны. 14-июнь, 2016-жыл.

Москва НАТОну келерки айда Польшада өтүүчү саммити алдында “русофобиялык истерияга” шыкак берип жатканы үчүн айыптады.

Орус Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков 15-июнда белгилегендей, Түндүк атлантикалык альянстын айрым өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү “эбегейсиз аскерий бюджеттерди актоо үчүн Орусиядан кара мүртөз душмандын образын көргөзүү, атайлап эле дүрбөлөң жаратуу."

Орусия 2014-жылы мартта Крымды анексиялаганына жана Украинанын чыгышында жикчилерди колдогуна байланыштуу Москва менен НАТОнун алака-катышы азыр кансыз согуш доорунан берки эң төмөнкү чекте турат.

НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг шаршемби күнү Брюсселден Орусияны аскерлерин жана аскерий жабдууларын Украинадан алып кетүүгө жана өлкө чыгышындагы жикчилерди колдоону токтотууга кайрадан чакырды.

Москва Украинанын чыгышында аскерлери жүрөт деген ырастоолорду далилдердин бардыгына карабай такай төгүндөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG