Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 17:13

Таласта бала бакчаларда жугуштуу оорулар көп катталууда


Бул тууралуу аймактагы санитардык көзөмөлдөө борборунун адистери билдиришти. Маалыматка караганда, жугуштуу сарык оорусунун А түрү менен былтыр 2 жаштан 7 жашка чейинки 83 баладан аныкталса, быйыл бул көрсөткүч 164кө жетти. Талас шаардык №6 бала бакчада тарбияланган 25 баладан сарыктын А түрү табылды.

№15 бала бакчадан да илдет жуктуруп алгандар катталган. Адистердин айтымында, бала бакчаларда тазалык эрежелери сакталбагандыктан жугуштуу илдеттер чыгууда. (SS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG