Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

АКШ Ооганстанда аскерлерди азайтуу чечимин кайра карайт


Ооганстан аскерлери Пакистан менен чек арада.
Ооганстан аскерлери Пакистан менен чек арада.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер өз өлкөсү кийинки жылда Ооганстандагы аскерлерин кыскартуу планын кайра карай турганын НАТОдогу өнөктөштөрүнө билдирди. Ал Британиянын коргоо министри Майкл Феллон менен Брюсселде 15-июнда жолугушту.

Картердин айтымында, АКШ президенти Барак Обама бул чечимди кароого даяр. Акыркы план боюнча, Вашингтон 2016-жылдын аягына чейин ооган жергесиндеги аскерлерин 9800дөн 5500гө кыскартууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG