Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Батир алуу үчүн үлүшкө киргендерди коргоо сунушу айтылды


Жаңы курулган үйдөн батир алуу үчүн үлүшкө киргендердин укугун мамлекет коргошу керек. Бул үчүн майзамдык база түзүү зарыл экенин бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди.

Эл өкүлү учурунда Орусия жана Казакстанда да азыр Кыргызстанда түзүлгөндөй проблема пайда болгондуктан атайын мыйзамдар иштелип чыкканын айтты.

Соңку кезде Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте үй салып берем деп элден акча чогулткан түрдүү компаниялар көбөйгөн. Бирок алардын айрымдары акчаны алып, үй курбай, качып жүргөнү белгилүү. Учурда“О.P.P.S. STROI” курулуш компаниясынын жетекчиси Кылмыш кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде айыпталууда. Ал элден чогулткан каражаттын жалпы суммасы 3 миллион доллардан ашты, бирок убада кылынган батирлерден азырынча дайын жок.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу “Вигенс” борборунун жетекчиси Владимир Плужниктин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, үлүшкө киргендердин укугун, милдеттерин так аныктаган, жоопко тарта турган мыйзымдык база Кыргызстанда жок, алданган жарандардын айынан өлкөдө социалдык чыңалуу чыгышы ыктымал. Бул борборго арыздангандардын саны 300дөн ашты.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 150дөй курулуш компаниясы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG