Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Казакстандык төрт спортчу допинг текшерүүсүнөн өтпөй калды


Лондондогу Олимп оюндарында жеңишке жеткендер.
Лондондогу Олимп оюндарында жеңишке жеткендер.

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку, Олимп оюндарынын эки жолку чемпиону, дүйнөлүк төрт рекорддун ээси Илья Ильин кайрадан өткөрүлгөн текшерүүдө кызытма колдонгону аныкталды. 2012-жылы Лондон Олимп оюндарында Ильин алтын медаль уткан. Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы чемпион Зулфия Чиншанло, Майя Манеза жана Светлана Подобедова да кызытма колдонгону белгилүү болду. Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кызытма көзөмөлүнөн өтпөй калган 10 оор атлетчинин Рио-де-Жанейро Олимп оюндарына катыштырбайт.

Лондон Олимп оюндарында медаль алган казакстандык спортчулары титулдарынан ажыратылары күтүлүүдө. Ал ишке ашырылса жеңген медалдар боюнча 12-орунда турган Казакстан 23-орунга түшөт.

Илья Ильин Олимп оюндарынын эки жолку чемпиону жана Казакстанда өтө популярдуу инсан. Ал улуттук баатыр жана президент Нурсултан Назарбаевдин досу экени да маалым. (AiT)

XS
SM
MD
LG