Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Иран АКШда кармалган активдерин кайтаруу үчүн Эл аралык сотко кайрылды


Иран.
Иран.

Эл аралык сотко Ирандын расмий арызы келип түшкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту 15-июнда ырастады. Ага чейин Ирандын президенти Хасан Роухани телекөрсөтүү аркылуу “Иран Кошмо Штаттар конфискациялап, өзүнө ыйгарып алган 2 млрд. долларды кайтаруу үчүн Эл аралык сотко кайрылды”, деп билдирген.

Эл аралык соттун бул маселени кароого юрисдикциясы бардыгы дароо белгилүү болгон эмес. АКШнын Жогорку соту Ирандын 2 млрд. долларын 1983-жылы Бейрутта аскер казармаларын бомбалоодо жана башка Иран тарабынан жасалган чабуулдарда каза болгон америкалыктардын жакындарына компенсация иретинде төлөп берүү чечимин апрель айында чыгарган. Иран ал чабуулдарга тиешеси жоктугун билдирип келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG