17-июнда Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен нөшөр жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 21…26,
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25,
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, 24…29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 15…20,
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 градус.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25°