Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Шыкмаматов: Бир кезде элдин үнүн “Азаттык” гана угузуп калган


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов айрым депутаттар сунуштап жаткан "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди. Ал “Азаттык” радиосун оздуктоо аракети буга чейинки бийликтердин учурунда деле болгонун, бирок мыйзам менен тоскоол кылууга чейин барбаганын айтууда:

- “Азаттыкты” жабууга Акаев да, Бакиев да кызыкдар болгон. Бирок алар мындай мыйзам долбоор даярдап, кол коюп жаап салалы деген жолго бара алган эмес, эрки жеткен эмес. Элдин жаалынан коркуп бара алган эмес. Азыр КСДП партиясы буга баратат, кимдин оюна келген, эмне себептен болду деп, мен аң-таң болуп түшүнө албай турам. Кыргызстандын коңшу мамлекеттерден башкы айырмасы – бизде адамдардын демократиялык аң-сезими жогору. Эркиндикке умтулуу боюнча алдыда. Демократиялык көз карашы бар. Ошол элдин аң-сезимин өзгөрткөн, революция жасаган, бул жерде “Азаттыктын” чоң эмгеги бар. Бир кезде КТР бир беткей бийликти мактап, бийликке акаарат айткан элди көрсөтпөй калганда, элдин үнү “Азаттык” аркылуу жетип жатпады беле.

10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында бүгүн биринчи окууда каралганы жаткан. Бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде аны күн тартибинен алдырып, кийинки аптага калтырышты.

Айрым серепчилердин пикиринде, ММКны негиздөө жана каржылоо жагынан чектөө киргизе турган бул демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

"Азаттыкты" колдоп бүгүн Ак үй алдында укук коргоочулар пикет өткөрдү. (RK)

XS
SM
MD
LG