Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

БУУ комиссиясы ИМ тобун езиддерди кырган деп айыптоодо


Качкындар лагериндеги езиддер, Ирак
Качкындар лагериндеги езиддер, Ирак

Бул тууралуу Сириядагы окуяларды иликтеген комиссиянын төрагасы Пауло Пинейронун 16-июнда Женевада жасаган баяндамасында айтылат.

Анда "Ислам мамлекети" тобу Иракта 3200дөн көбүрөөк езид аялдары менен балдарын туткундап кеткен жана азыркы кезге чейин аларды Сириянын аймагында кармап, сексуалдык кулчулук үчүн колдонууда деп белгиленет.

Баяндамада ошондой эле ИМ тобу диний азчылык болгон езиддерди 2014-жылы август айында массалык кыргынга алганы айтылган. Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясы БУУнун Коопсуздук Кеңеши езиддерге карата жүрүп жаткан геноцид жана башка кылмыштарды токтотуу үчүн чара көрүшү керек деп эсептейт. 2014-жылга чейин Иракта 720 миң езид бар деп эсептелген. (AiT)

XS
SM
MD
LG