Мындай чечимге Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа биринчилиги үчүн мелдеш учурундагы зордук-зомбулук себеп болду.
Француз бийлиги бирикменин лидери Александр Шпрыгин менен бирге 20 күйөрман өлкөдөн чыгарыларын маалымдады. 20 киши 14-июнда Марселде Англия-Орусия беттешүүсүнөн кийинки мушташтан соң кармалган 43 күйөрмандын арасында болгон. Орус футбол күйөрмандарын кармоо Москванын нааразылыгын пайда кылып, француз элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Александр Шпрыгин улутчул Либерал-демократиялык партияга жакын жана Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары, ЛДПРдин негиздөөчүсү Владимир Жириновскийдин уулу Игорь Лебедевдин жардамчысы экени маалым.
Франциянын Ички иштер министрлиги Евро-2016 футбол таймашы башталгандан бери 320 киши кармалганын, алардын ичинен 24ү өлкөдөн чыгарылганын маалымдады. (AiT)