Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Депутаттар мунапыс долбоорун жактырды


Парламенттин 16-июндагы жалпы жыйынында “Мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууга коюлуп, биринчи окууда колдоо тапты.

Документте эгемендиктин 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс жарыялоо сунушталган. Демилгечи депутаттар жаза өтөө жайларында абактагыларга сарпталган каражатты үнөмдөө максатын көздөп жатышат.

Мунапыска абактагы тартипти так сактаган 60тан өткөн эркектер, 55 жаштан өткөн аялдар, биринчи, экинчи топтогу майыптар, өтө оор эмес айып менен соттолгондор илинет. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, мыйзам долбоор кабыл алынса 3000ден ашык адамга мунапыс берилиши ыктымал. Кыргызстанда маанилүү даталарга байланыштуу маал-маалы менен мунапыс жарыяланып турат. (NT)

XS
SM
MD
LG