Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Маалымат каражаттары мыйзамын өзгөртүү сунушу талкууланат


"Азаттыкты" колдогон укук коргоочулар.
"Азаттыкты" колдогон укук коргоочулар.

Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата Журт” фракциясы бүгүнкү отурумунда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун ортого салат. Демилгечилер - КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев менен “Республика-Ата-Журт” фракциясынын өкүлү Жыргалбек Турусбеков мыйзам долбоору тууралуу маалымат беришет. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында жазылды.

10-июнда төрт эл өкүлү жогоркудай демилге менен чыгышкан. Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 13-июнда мыйзам долбоорун жактырган. Ага ылайык, ЖМКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган.

16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде аны кийинки аптага калтырышты. Бир катар байкоочулар бул демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы мүмкүндүгүн белгилешүүдө. "Азаттыкты" колдоп кечээ Ак үй алдында укук коргоочулар пикет өткөрдү. Ошондой эле мыйзам долбооруна каршы кол топтолууда. (NT)

XS
SM
MD
LG