Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Элчилик Орусияда иштеген жарандарды эмгек келишимин түзүүгө чакырууда


Мигранттар.
Мигранттар.

Орусияда иштеген кыргызстандыктар ишке кирген учурунда милдеттүү түрдө эмгек келишимин түзүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Элчиликтин маалыматы боюнча, кыргыз мигранттары укуктук сабатсыздык, иш берүүчүлөрдүн, ортомчу кадрдык агенттиктердин шылуундугунан маяналарын ала албай калган учурлар көп катталууда.

Жыл башынан бери 250дөн ашык жаран мындай көйгөй менен кайрылган. Иликтөө учурунда алардын көпчүлүгүнүн эмгек келишимдери жок экени, айрымдары мыйзамсыз макулдашуунун негизинде иштеп келгени ачыкка чыккан. Быйыл элчиликтин кийлигишүүсү менен мигранттардын 2 миллион 468 рубль өлчөмүндө эмгек акылары төлөнүп берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG