Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Обама кумсаларды басынтууга каршы күрөшүүгө чакырды 


АКШ президенти Барак Обама жана вице-президент Жо Байден 16-июнда Флорида штатындагы Орландо шаарына барып, кумсалардын түнкү клубундагы ок атуулардын курмандыктарына арналган мемориалга гүл коюшту.

Обама маркумдардын туугандары жана кандуу окуяда аман калгандар менен кездешип, аларга көңүл айтты. Жолугушуудан кийин Америкада жана башка чет мамлекеттерде да кумсаларды басынтууга каршы күрөшүү зарылдыгын белгиледи.

12-июнда Орландо шаарында кумсалардын Pulse деп аталган түнкү клубуна болгон кол салуудан 49 адам мерт кеткен. 50дөн ашууну түрдүү жаракат алышкан.

Кылмышкер деген теги оогандык АКШ жараны Омар Матин полиция менен атышууда жок кылынган.

XS
SM
MD
LG