Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүүчү уюмдар текшерилет


Кыргызстанда кароосуз калган балдарга жардам көрсөтүүчү жеке жана бейөкмөт уюмдар текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Мекеменин демилгеси менен атайын жумуш топ түзүлдү. Ал аккредитация менен алектенет. Жыйынтыгында расмий каттоого алынып, аккредитациядан өткөн уюмдар гана жардам берүү ишин уюштуруу укугуна ээ болот.

Министрликтин маалыматына караганда, кароосуз балдарды аныктоо иши жылдан жылга жакшырууда. Алсак, 2014-жылы 5 миңдей бала катталса, былтыр, 2015-жылы 7 629 болгон. Жакында Европа биримдигинин каржылоосу менен Бишкек, Чүй жана Таласта эксперттик топтор үчүн семинарлар уюштурулду.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 1000ден ашуун баланы тейлеген 44 жеке уюм бар.

Укук коргоочулардын айтымында, кароосуз калган балдардын көбүн ата-энеси ички же тышкы мигрант болуп кеткендер түзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG