Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Скрипкина: Добуш сатып алууга каршы күрөштү партиялар да жүргүзүшү зарыл


Галина Скрипкина
Галина Скрипкина

Кыргызстанда шайлоочулардын добушун сатып алуу көйгөйү дагы эле чечиле элек, мындай көрүнүшкө каршы күрөштү биринчи кезекте шайлоого катышып жаткан саясий партиялар жүргүзүшү керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн «Демократиянын өнүгүшү: шайлоо өнөктүктөрүнүн тажрыйбасы, мыйзамдардын жана жаңы технологиялардын шайлоо процессиндеги ролу» деген аталыштагы эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин төрайымы Галина Скрипкина билдирди.

Депутаттын айтымында, бул жаатта мыйзамдык базаны да бекемдөө зарыл.

Ошону менен катар Галина Скрипкина соңку жылдары өлкөдө шайлоо өткөрүү боюнча заманбап технологиялар пайдаланууга берилип, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү система ийгиликтүү ишке киргизилди.

Бүгүнкү конференцияга КМШ уюмунун, Азербайжан, Армения, Болгария, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, илим кызматкерлери жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG