Орусияда ММК мыйзамынын өзгөрүшү менен маалымат каражаттарынын ар түрдүүлүгү жоголду жана медиа жамааттын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл күчөдү. Андыктан Орусия бул жагынан Кыргызстан үчүн үлгү боло албайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Москвадан ММКнын укугун коргоо борборунун директору Галина Арапова билдирди.
- Бийлик сезимтал деп эсептеген тигил же бул маселени чагылдыруу боюнча киргизилген чектөөлөр журналистикада маанинин жоголушуна алып келди. Бул ашыкча жана маңызы жок өзгөртүүлөр өзүн өзү цензуралоону жаратып, мыйзамда каралган айыппулдар, жазалар журналисттерди ошол темаларга кайрылуудан коркутуп, чочутуп койду. Сиздерде да сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдөн этияттануу керек. Анткени алар журналистиканын көз каранды эместигин, журналисттин миссиясынын негизин жокко чыгарып, аны “куралсыз” кылып коет. Бизде журналист кесиптик миссиясын аткарып, коомдун кызыкчылыгын коргоосу үчүн керек болгон таянычтардан айрылып калды.
Арапованын белгилешинче, маалымат саясаты боюнча Орусия тууроого үлгү болчудай мисал эмес. “Маалымат саясаты Орусиянын акыркы жылдары тескери тарапты көздөй абдан динамикалуу өнүккөн чөйрөсү” дейт ал.
Кыргызстанда учурда Жогорку Кеңештин төрт депутаты ММК тууралуу мыйзамды өзгөртүп, маалымат каражатын негиздөө жана каржылоо боюнча чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Юристтердин айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал. (RK)