Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

АКШ соту алтын соодагери Заррабды үй камагына чыгарбайт


Эбру Гюндеш, Реза Зарраб.
Эбру Гюндеш, Реза Зарраб.

АКШ соту алтын соодагери Реза Заррабды үй камагына чыгаруудан баш тартты. Анын камакты Манхэттендеги үйүндө өтөө үчүн 50 млн доллар берүү сунушу четке кагылды. Сот Ричард Берман анын байлыгы жана байланыштары качып кетүүсүнө өбөлгө болот деп чечти.

Зарраб март айында Майамиде кармалган. Ага АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган деген айып тагылган. Тагыраагы, Зарраб Түркия жана Бириккен Араб эмирликтериндеги компаниялары аркылуу каржылык операцияларды жүргүзүп, Ирандын АКШ санкцияларын кыйгап өтүшүнө жардам берди деп шектелет.

Эгер күнөөсү далилденсе Зарраб 30 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Зарраб түркиялык поп-жылдыз Эбру Гюндештин күйөөсү. 2013-жылы Түркиядагы коррупциялык жаңжалга шектелип, бирок жоопкерчиликке тартылган эмес.

XS
SM
MD
LG