Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

УКМК: Баткенде Сириядан террордук даярдык алган үч жаран кармалды


Баткен облусунун аймагында Сириядагы согушка катышып, Кыргызстанда террордук чабуулдарды жасаганы жаткан топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-июнда терроризмге жана экстремизмге каршы ыкчам издөө иштери жүрүп, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү деген үч адам колго түшүрүлдү. Алар Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышып, террордук даярдыктан өткөн.

"Кыргызстанда террордук топ уюштуруп, айрым шаарларда жасалма жардыргычтар жана атуучу курал менен террордук чабуулдарды уюштурууну көздөп жаткан" деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Алардын жашаган жеринде тинтүү жүрүп, октолгон автоматтар, граната жана башка курал-жарак, согушка үндөгөн экстремисттик китептер жана баракчалар табылды.

Кылмышка шектүү жарандар УКМКнын тергөө абагына камалды.

Соңку маалыматка караганда, 500дөн ашуун кыргыз жараны Сириядагы согушка катышуу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен.

Бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, өлкө коопсуздугун талкуулады. (RK)

XS
SM
MD
LG