Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Мамдепартамент: Асадга каршы чечкиндүү чара көрүү керек


Сирияда уруш токтой элек.
Сирияда уруш токтой элек.

АКШ Мамлекеттик департаменти Акүйдү Сириядагы Башар Асаддын режимине каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Мындай чакырык америкалык Wall Street Journal гезити жарыялаган, элүүдөн ашуун Мамдепартамент кызматкерлери кол койгон ички кызматтык меморандумда жазылганы белгилүү болду.

Анда Сирия бийлиги тынчтык келишимин такай бузуп жатканына байланыштуу Асаддын режимине каршы аскердик аракеттерди баштоо керектиги айтылат.

Сирияда февралдагы тынчтык келишимдеринин дээрлик жокко чыгарылышы өкмөттүк күчтөрдү бутага алуудан башка арга калтырбаганы документте ырасталат.

Акүйдүн Сирия саясатына кадрдык дипломаттар биринчи ирет ушундай биргелешип каршылык билдирүүдө.

Мамдепартамент андай меморандум бар экенин ырастады. Бирок, аны тышкы саясат мекемесинин жетекчилиги карап чыкмайын мазмуну ачык айтылбастыгын билдирүү менен чектелди.

Президент Обаманын администрациясы Асаддын режимине каршы аскердик операциялар жүрө-жүрө Орусия менен Иранга тикелей чатакташууга алып келет деп тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG