Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Сулайманов: “Азаттыкты” чектөө туура эмес экенине өлкө бир кезде күбө болгон


Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов

"Кыргызстанда “Азаттык” радиосун чектөө, жабуу аракеттери мурда да болуп келген, бирок бул туура эмес жол экенине өлкө күбө болгон" деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов.

Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү демилгеси боюнча пикирин билдирип Сулайманов бул мыйзам менен азырынча тааныш болбогондуктан «Азаттык» радиосун жабуу үчүн багытталган деп айта албасын, бирок эгер ал кабыл алынса мамлекеттин аброюна доо кетерин белгиледи.

"Бүгүн ушундай ызы-чуу коомго, мамлекетке, бийликке керекпи? Кереги жок! Ызы-чуусу бир канча айга, жылга кетип, өлкөбүздүн, бийликтин, парламенттин аброюна доо кетет. Ошондо биз парламенттик демократия куруп алдык деп мактана алабызбы?" дейт эл өкүлү.

Кыргызстанда учурда Жогорку Кеңештин төрт депутаты ММК тууралуу мыйзамды өзгөртүп, маалымат каражатын негиздөө жана каржылоо боюнча чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Юристтердин айтымында, эгер бул мыйзам кабыл алынса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

Кечээ "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов да сунушталып жаткан мыйзамга каршы пикирин айткан.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосунун өлкөдө демократия, сөз эркиндигин калыптандырууга кошкон салымы зор экенин белгилеген.

Ак үй алдында укук коргоочулардын "Азаттыкты" колдогон пикети өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG