Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Нарында селдин айынан коруктан чыгып кеткен бугулар изделүүдө


Нарын облусу
Нарын облусу

Нарында селдин айынан "Бугу-Марал" коругунан чыгып кеткен 3 жаныбар дагы эле табыла элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Миртемир Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, 15-июнда жалпысынан 20 бугу-марал кармалган коруктун жанындагы сай суусу каптаган жерде карагай кулап, тосмону талкалаган. Натыйжада 6 бугу-марал коруктун сыртына чыгып кеткен. Алардын 3 кайтып келген. Учурда дагы 3 табылбай жатат.

Бир нече күндөн бери Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Баткен облустарында нөшөр жаандын жана тоолордогу кардын тез эришинен улам сел жүрүудө. (MiK)

XS
SM
MD
LG