Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Селге байланыштуу Талас-Бишкек автожолу жабылды


Тараз-Талас-Бишкек автожол каттамы Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылынан жабылып, машиналар Маданият, Калинин айылдарындагы айланма жол менен каттап жатат. Себеби Бакай-Атадагы Урмарал суусу катуу жааган жамгырдан улам көбөйүп, Кызыл-Сайдагы көпүрөнү кечээ кечинде алып кеткен. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, мал-жанга зыян тийген жок.

Таластагы дарыялардын катуу киришинен башка көпүрөлөр да кооптуу болуп турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таластагы башкармалыгынын адиси Талант Kасиевдин “Азаттыкка” айтымында, кооптуу абалдагы көпүрөлөр облус боюнча 12ге жетти:

- Талас дарыясына суунун кириши 200 кубга жетип, жээгиндеги турак-жай, көпүрөлөргө коркунуч жаратууда. Кара-Суу, Көк-Ой айылдарында, Талас шаарынын токой жагындагы көпүрөлөрдү суу каптап турат.

Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычына суу толуп, жакын жайгашкан айылдын тургундары чочулап жатканын айтууда.

Бирок, Талант Касиевдин белгилешинче, суу сактагычтын ичи 550 млн кубга эсептелинген, учурда 546 млн кубга жетти. Суунун кириши 176 куб болуп жатса, чыгышы бүгүнтөн тартып 160 кубга жеткирилди.(SS)

XS
SM
MD
LG