Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Евробиримдик Крымга каршы санкцияларды узартты


Москвага каршы чектөөлөрдүн биринчиси 2014-жылдын 31-июлунда киргизилген.
Москвага каршы чектөөлөрдүн биринчиси 2014-жылдын 31-июлунда киргизилген.

Евробиримдик Крымга каршы санкцияларды дагы бир жылга узартканы тууралуу маалымат биримдиктин сайтында жума күнү жарыяланды.

Чектөөлөргө ылайык, Орусия аннексиялап алган Крымга Евробиримдиктен импорт жөнөтүлбөйт, жарым аралдын аймагына инвестиция тартууга жана туризм багытында кызматташууга тыюу салынат. Европа соттору Крым аймагына кирбейт.

Ошондой эле аннексияланган аймакка транспорт, телекоммуникация, энергетика тармагындагы технологияларды экспорттоого тыюу салынат.

Кийинки жумада Евробиримдик Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу Орусияга киргизилген санкцияларды узартышы күтүлүүдө. Москвага каршы чектөөлөрдүн биринчи айлампасы 2014-жылдын 31-июлунда киргизилген. Кийин алар бир нече ирет узартылган.

Евробиримдиктен тышкары Крымды каратып алганына жана Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдогонуна байланыштуу Москвага каршы санкцияларды АКШ, Канада жана бир катар өлкөлөр киргизген.

XS
SM
MD
LG