Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Ирак армиясы Фаллужаны жоочулардан бошотту


Фаллужа, Ирак
Фаллужа, Ирак

Ирак армиясы Фаллужа шаарындагы өкмөт имаратын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынан бошотту. Коргоо министрлиги аскерлер имарат чокусуна Ирак байрагын орнотконун кабарлады. Өкмөт күчтөрү шаарга кирип бараткан кезде аларга аз сандагы согушкерлер каршылык көрсөткөнү айтылууда.

Фаллужа 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” радикал тобунун көзөмөлүндө болчу. АКШ башында турган эл аралык коалиция калааны жоочулардан бошотуу операцияларын 22-майда баштаган.

Ирактагы бозгундарга көмөк көрсөтүп келаткан Норвегиянын качкындар боюнча кеңеши тараткан кабарга таянсак, согушкерлер Фаллужаны ээлеп алгандан бери 27580 киши калаадан чыгып кеткен.

БУУ Фаллужада 90 миңдей киши суу жана азык-түлүк жетишсиздигинен жапа чегип келатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG