Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

ӨКМ сел коркунучу бар аймактарды көзөмөлдөп жатат


Жаан-чачынга байланыштуу каналдарга суунун деңгээли көтөрүлгөн.
Жаан-чачынга байланыштуу каналдарга суунун деңгээли көтөрүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери сел коркунучу бар аймактарды көзөмөлгө алып, кырдаалга байкоо салып турушат. Нарын, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында алдын алуу жана калыбына келтирүү иш-аракеттери жүрүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын алуу иштерине Жарандык коргонуу тобунан да кишилер тартылган.

Соңку үч-төрт күндөн бери Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Баткен облустарында катуу жаандан жана тоолордогу кардын эришинен дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерди сел каптады. Кээ бир унаа жолдору убактылуу жабылган. (SE)

XS
SM
MD
LG