Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:56

Назарбаев Пан Ги Мун жана Путин менен жолукту


Нурсултан Назарбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда
Нурсултан Назарбаев Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жума күнү Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда сөз сүйлөп, Европа биримдиги менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда диалог орнотуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун катарына Индия, Пакистан жана Иран кошуларын билдирди.

Форум алкагында Назарбаев БУУ баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугуп, адам укуктары жаатындагы маселелерди талкуулады. Андан соң Орусия президенти Владимир Путин менен кезигип, мамлекеттер аралык кызматташтыкты сүйлөшкөнүн “Азаттыктын” казак кызматы расмий булактарга таянып кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG