Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Салянова өзүнө жана туугандарына басым болуп жатканын билдирди


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова өзүнө жана туугандарына басым болуп жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал башкы прокурор болуп иштеп турган кезинде бир катар чиновниктердин былыктарын ачканы үчүн душманын көбөйтүп алганын, андан өч алгысы келгендер бир тууган агасына жана күйөөсүнө кылмыш ишин козгоп, түйшүккө салгысы келгенин белгилейт. Андан тышкары, башкы прокурор кезинде азыркы ички иштер министрине кылмыш иши козголгонун айтып, анын айынан туугандары запкы тартып жатканын кошумчалады. Бир тууган агасы кайра тергөөгө чакырылып жатканын, адам өлүмү боюнча кылмышка байланыштуу суракка алынганын жазды.

"Меникиндей таасирлүү душмандар башка бир да адамда жок болсо керек. Анын кесепетин мен парламенттик ишмердүүлүгүмдө да байкайм",- деди Салянова.

Депутаттын агасы Калый Салянов эки жыл мурун киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө катышы бар деп шектелип, кийинчерээк иш жабылган эле. Жолдошу Бакыт Абдыкадыровго мамлекеттик кызматта отуруп, тендер өткөрүүдө мыйзам бузган деп кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG