Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Түптө сууга агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды


Ысык-Көлдүн Түп районунда 9-июнда сууга агып кеткен баланын сөөгү бүгүн табылды. Район акими Ишен Кожалиев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, куткаруучулар баланы эртең менен саат тогуздарда Түп суусунун көлгө куйган жеринен табышкан. Баланын денеси табылганда дароо экспертиза жүргүзүлүп, эч кандай зомбулуктун белгиси табылган эмес. Сөөктү маркумдун жакындары алып кетишти. Эртең жерге берилет.

9-июнь күнү Түп айылында 12 жаштагы Бактыяр Турганбаев сууга агып кетип, табылбай жаткан. (AsM)

XS
SM
MD
LG