Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
19-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+25;
Баткен облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32,
Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +26…+28 градус жогорулайт.