Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Кыргыз авиакомпаниялары “кара тизмеден” чыга элек


Европа комисссиясы "кара тизмеге" кирген чет элдик авиакомпаниялардын жаңыланган тизмесин расмий сайтына жарыялады. Кыргызстандагы авиакомпаниялар бул ирет да Европа чөлкөмүнө учууга уруксат берилбеген фирмалардын катарын толуктады.

Тизмеде дүйнөнүн булуң бурчундагы 200дөн ашуун авиакомпаниялар бар. Арасында 13ү Кыргызстанга таандык. Алар европалык талаптарга жооп бербегени үчүн “кара тизмеге” кирген.

Кыргызстандагы авиакомпаниялар 2006-жылдан бери ушул тизмеде. Өкмөт андан чыгуу жаатында бир катар аракеттерди көргөнү менен майнапсыз болуп келүүдө.

Кара тизмедеги кыргыз авиакомпаниялары:

AIR BISHKEK

AIR MANAS

AVIA TRAFFIC COMPANY

CENTRAL ASIAN AVIATION SERVICES

HELI SKY

AIR KYRGYZSTAN

MANAS AIRWAYS

S GROUP INTERNATIONAL

SKY BISHKEK

SKY KG AIRLINES

SKY WAY AIR

TEZ JET

VALOR AIR.

XS
SM
MD
LG