Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Канада парламенти эвтаназияга уруксат берген мыйзамды колдоду


Канада парламенти эвтаназияны же болбосо оорулуулар өз ыктыяры менен өлүмгө макулдук бергенин кубаттаган мыйзам долбоорун жактырды. Сенат аны ырастаган соң күчүнө кирет.

Эвтаназияны дүйнөдө алгач ирет 2002-жылы Голландия мыйзамдаштырган эле. Бирок 12 жаштан өткөндөргө гана аны пайдалануу укугу берилген. Андан соң Бельгия, Люксембург жана Швейцарияда ушундай мыйзам кабыл алынган. АКШнын төрт штатында ыктыярдуу өлүмгө уруксат бар.

Эвтаназия негизинен оор бейтаптарга колдонулат. (SE)

XS
SM
MD
LG