Орусиянын тергөө комитети Москванын Допингге каршы лабораториясынын мурдагы жетекчиси Григорий Радченковго каршы кылмыш ишин козгоду. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 18-июнда комитеттин расмий өкүлү Владимир Маркин журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Радченков мамлекет кызыкчылыктарына, өлкөнүн абройуна доо кетирген.
Григорий Радченков азыр АКШда жашайт. Ал Сочи шаарында 2014-жылы өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында орус спортчулары допинг колдонгонун ачыкка чыгарган.
17-июнда Эл аралык жеңил атлетчилер федерациясы орусиялык спортчуларды эл аралык мелдештерден четтетүү чечимин күчүндө калтырды. Бул быйыл августта Рио-де-Жанейродо өтчү Жайкы Олимпиадага орусиялык жеңил атлетчилер катышпайт дегенди түшүндүрөт. (SE)