Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Тажикстанда абактан качкандардын бири өлтүрүлдү


Хоженд шаарындагы түрмөдөн качкан үч кишинин бирин күч кызматкерлери атып өлтүрдү. Дагы бири оор жарадар болгонун жергиликтүү булактар кабарлашты. Абактан качкандардын бири изделип жатат.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги аны кармоо үчүн элден жардам сурап, кылмышкер тууралуу маалымат бергендерге акчалай сыйлык убада кылды.

Экстремизм, талап-тоноо сыяктуу кылмыштар менен айыпталып, 14-20 жылга түрмөгө кесилгендер жума күнү абактагы бир кароолду өлтүрүп, качып кетишкен.

XS
SM
MD
LG