Каир соту Египеттин мурунку президенти Мухаммед Мурсини өмүрүнүн аягына чейин камоо чечимин чыгарды. Ал Катар мамлекетинин пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталды. Бул иш боюнча күнөөлөнүп жаткан дагы алты кишиге сыртынан өлүм жазасы өкүм кылынды. Арасында “Ал-Жазира” телеканалынын эки журналисти да бар.
“Мусулман агайындары” диний уюму менен жакын ымалада болгон Мухаммед Мурси Египеттин президенттигинен 2013-жылы оодарылган.
Мурдараак ал мамлекеттеги башаламандыктарга айыпталып, өлүм жазасына да өкүм кылынган.(SE)