Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

Талас-Тараз каттамы Бакай-Ата айылы аркылуу уланууда


Үрмарал дарыясы
Үрмарал дарыясы

Таластын Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылындагы көпүрөнү Үрмарал дарыясынан ашкан суу 16-июнда бузуп кеткен. Көпүрө Тараз-Талас-Бишкек унаа жолунда болгондуктан, каттам убактылуу Бакай-Ата айылы менен уланууда. Адистер ишембиден тарта Үрмарал суусу эки эсеге азайганын белгилешүүдө.

Үрмарал суусу жайыттарга кетчү 5 көпүрөнү, Тараз-Талас-Бишкек автокаттамындагы 1 көпүрөнү алып кеткен.

Азырынча чыгымдар толук эсептелинип бүтө элек. Кырсыктан адам өмүрүнө жана мал-жанга зыян келген эмес. (SS)

XS
SM
MD
LG