Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Аба ырайы: чукул эскертүү


Нарын дарыясынын да деңгээли көтөрүлдү
Нарын дарыясынын да деңгээли көтөрүлдү

Синоптиктер 21-июндан 24-июнга чейин Кыргызстан аймагында туруксуз аба ырайы болорун, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымалдыгын эскертет. Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Кээ бир учурда шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Күтүлүп жаткан жана жаап өткөн нөшөргө байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар.

20-июнда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +24...+29,

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28,

Баткен облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10 болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт.Түнкүсүн +16…+18, күндүз +27…+29 болот.

XS
SM
MD
LG