Иран өкмөтү Boeing ишканасы менен келишим түзүп, 100 даана учак сатып алууга макулдашты. Бирок келишим күчүнө кириши үчүн Boeing ишканасы АКШнын макулдугун алышы керек.
Өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин башчысы Али Абидзада мамлекеттеги 250 учактын 230ун алмаштыруу керектигин билдирди.
Быйыл январда Батыш Тегерандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн келишимден соң Иранга киргизилген санкцияларды алган. Анын артынан Иран бийлиги 200 даана учак сатып алуу ниетин билдирген.
Тегеран эскирген учактарды алмаштыруу ниетин көптөн бери айтып келет. Бирок санкциялардан улам ал ишке ашпай турган. (SE)