Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Италияда шаар мэрлери шайланууда


Италиянын 126 шаарында бүгүн мэр шайлоо өтүп жатат. Арасында баш калаа Рим дагы бар. Алгач борбор шаардын жетекчисин шайлоо 5-июнда өткөн. Бирок талапкерлердин бири 50% добушка жетишкен эмес.

Алдын ала божомолдорго караганда, Италия баш калаасына быйыл алгач ирет аял киши мэр болушу мүмкүн. Оппозициялык “Беш жылдыз кыймылы” (M5S) сунуштаган талапкер 37 жаштагы Виржиния Ражинин мүмкүнчүлүгү башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк экени айтылууда. Анын негизги атаандашы, оңчул Демократиялык партиянын өкүлү Роберто Жакетти.

Биринчи турда берилген добуштардын 35% Ражиге, 25% Жакеттиге ыйгарылган.

Шайлоолорго 9 миллиондон ашуун жаран катышары айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG