Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында ушул апта туруксуз аба ырайынын айынан, тынбаган жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суу деңгээли көтөрүлүп, сел коркунучу бар экенин эскертти.
Өткөн жумада жааган нөшөрлүү жаандан улам Талас, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустуранда дарыяларда суу көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жагдай көзөмөлдө экенин, тийиштүү чаралар убагында көрүлөрүн маалымдады. (SE)