Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07

Стамбулда полиция ЛГБТны колдогон митингчилерди кууп таратты


Стамбул.
Стамбул.

Стамбулда жекшемби күнү полиция сексуалдык азчылык өкүлдөрүн колдоп митингге чыккандарды көздөн жаш агызуучу газ жана резина окторду колдонуу менен кууп таратты. Шаардын борборундагы акцияга 150гө чукул адам катышкан.

Euronews маалымдагандай, шаар бийлиги аталган акцияны өткөрүүгө коопсуздукту шылтоо кылып, уруксат берген эмес. Стамбулда гей-параддар салттуу түрдө 2003-жылдан тартып өткөрүлүп келет. 2015-жылы да полиция митингдин катышуучуларын кууп таратуу үчүн жаш агызуучу газ колдонгон. Анда бийлик акция ыйык Орозо айынын башталышына туш келгендиктен тыюу салган эле.

Көпчүлүк өлкөлөргө салыштырмалуу Түркияда кумсалык кылмыш катары каралбайт. Антсе да коомдогу гомофобиялык маанай дале күчүндө.

XS
SM
MD
LG