Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:33

Депутаттык комиссиянын мыйзамсыз соттолгондор боюнча иликтөөсү жарыяланат


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Бүгүн саат 15.00дө кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган учурларды иликтеген депутаттык комиссия корутундусун чыгарат. Жогорку Кеңештеги жыйынга депутаттык комиссиянын мүчөлөрү, күч структуралардын өкүлдөрү катышат.

Аталган депутаттык комиссия быйыл 19-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин дарегине укук коргоо органдарындагы мыйзамсыз иш-аракеттер тууралуу арыз-муңдар көбөйүп кеткенин билдирген.

Депутаттык комиссияга 2014-2015-жылдардагы мыйзамсыз кылмыш жообуна тартылган учурларды иликтөө тапшырмасы жүктөлгөн болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG