Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Атамбаев Путинге көңүл айтты


Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев
Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев Карелиядагы кырсыкка байланыштуу Орусиянын лидери Владимир Путинге көңүл айтты.

Мамлекет башчы Кыргызстан элинин жана жеке өз атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн азасын бөлүшүп, кайрат кылууга чакырды.

18-июнда Орусиянын түндүгүндөгү Карелияда 47 өспүрүмдөн жана төрт инструктордон турган туристтик топ, синоптиктердин аба ырайы бузулушу мүмкүн деген эскертүүсүнө карабай, үч кайык менен Сямозеро көлүнө саякатка чыгышкан.

Катуу шамалдан кайыктардын бири көмкөрүлүп кетип, 14 адам каза тапкан. Чөгүп өлгөндөрдүн 13ү балдар жана бирөө инструктор экени маалым болду. Учурда кылмыш иши козголуп, бир канча инструктор камакка алынды. 20-июнь Карелияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG